Кечээ, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалдан 15 жаран жаракат алганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чыр-чатактан Айдаркендеги ооруканага түшкөн эки адамдын абалы оор.
“Жалпы 15 киши жеткирилип, төртөө ооруканада калып, калганына амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми төрт кишинин ичинен экөөнүн абалы оор, экөөнүн абалы канааттандырарлык”,- деп жазылат маалыматта.