Биз социалдык тармакта

Депутат өкмөт өкүлүнө: "Комитет жыйынына келдиңизби же телефон менен сүйлөшкөнгө келдиңизби?"

Бүгүн, 1-июнда парламент комитетинде Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо тууралуу макулдашуу мыйзам долбоору каралды.

Анда депутат Марлен Маматалиев суроо берип жатып, өкмөттүн өкүлү телефон менен сүйлөшүп жатканын айтты.

Өкмөт өкүлү премьер-министр менен сүйлөшүп жатканын билдирди.

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Зиядин Жамалдинов жыйында телефон менен сүйлөшүүгө болбой турганын эскертти. "Урматтуу өкмөт өкүлдөрү, бул жерде комитеттин жыйыны өтүүдө. Сиздер жыйынга мыйзам долбоорун жактайын деп келдиңиздерби же телефон менен сүйлөшөйүн деп келдиңиздерби?" - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pepe93
2020-06-01 12:06:15
Анан,
0
Dani
2020-06-02 00:16:47
Чек арада не болуп атат мунун суйлогонун кара
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан