Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун алдында митинг өтүп жатат. Сот имаратынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташтары чогулган.
Бүгүн, 1-июнда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму улантылып жаткан. Анда Атамбаев менен Жээнбеков айыпталуучулардын катарында.
Митингге топтолгондор аларды камактан бошотуу талаптарын коюшууда. Катышуучулардын арасында Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева, уулдары Сеид жана Кадыр Атамбаевдер, ошондой эле КСДПнын бир катар мүчөлөрү да бар.