Депутат Наталья Никитенко балдарды коргоо багытында иштей турган өзүнчө социалдык кызматты түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Турмуштук кыйын кырдаалда калган балдарды аныктоо системи акырына чейин натыйжалуу иштебей жатат. 2015-жылы кабыл алынган Балдар жөнүндөгү кодекске түзөтүү киргизүү керек, анткени балдарды коргоо боюнча ишти күчөтүү зарыл. Биз көп балдар ар түрдүү турмуштук кырдаалдарга туш болоорун көрүп жатабыз. Анын ичинде ата-энеси акча тапканы кетип, кароосуз калган балдарга карата өкүм-зордук күч алууда. Ушуга байланыштуу балдардын укугун коргоо механизмдерин күчөтүү керек", - деди депутат.