Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз-Өзбек тилкесинде болуп өткөн окуядан жабыркаган Баткен облусунун Кадамжай районундагы чектеш айылдардын тургундарынан кабар алды. Маалыматты бүгүн, 1-июнда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Жабыркагандар учурда Айдаркен шаарынын ооруканасында дарыланып жатышат. Дарыгерлер Кубатбек Бороновго жарандардын саламаттыгы жана дарылануулары тууралуу айтып беришти.
Биринчи вице-премьер-министр жабыркаган жарандардын тийиштүү дарылануусун жана аларды зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи", - деп кабарланат.