Биз социалдык тармакта

Ош шаарында балдар үйүндө тарбияланып жаткан 5 бир тууганга батир тартууланат

Ош шаарынын мэри балдар үйүнөн кабар алып, ал жерде тарбияланып жаткан 5 бир тууганга батир белек кылмай болду. Маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бүгүн, 1-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 21 бала тарбияланып жаткан "Боорукердик" үй-интернатынан кабар алды. Шаар башчысы балдарга кийим-кече, таттууларды, баалуу белектерди тапшырды.

Ошондой эле сыналгы белек кылып, бийге жана ырга шыктуу балдардын талантын өркүндөтүүгө салым кошуу максатында музыкалык аппарат алып келип берүү тапшырмасын берди.

Шаар башчысы демөөрчүлөр менен биргеликте үй-интернатында тарбияланып жаткан 5 бир тууганга шаарда курулуп жаткан элиталык үйлөрдүн биринен батир белекке бере тургандыгын билдирди. 5 бир туугандын апасы 2013-жылга чейин балдарын өзү тарбиялап, ошол жылы турмуштун оор шартына байланыштуу “Боорукердик” үй-интернатына тапшырган. Балдардын апасы 2018-жылы каза болгон.

Ошондой эле аталган балдар үйүнө демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы имарат курулууда", - деп кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Motorola-Samsung
2020-06-01 21:05:38
Наш мэр и мэрия респект вам! Можно и сказать будущий президент,думаю его народ поддержит, он действительно ради люди работают
+2
KaGaH
2020-06-01 21:45:31
Motorola-Samsung, кыргызча жазчы,же орусча туура жаз))
+8
isarti
2020-06-01 21:06:59
Жакшы иш кылыптыр.
+7
bessmertiy
2020-06-01 21:27:59
Мэр красавчик!
+4
KaGaH
2020-06-01 21:46:21
МашаАлла!
Алла ыраазы болсун!
+10
AksyKum
2020-06-02 00:00:05
Менин эн коркконум мен мезгилсиз дуйнодон кайтып калсам балдарым ушундай кунго тушпосо экен деп корком
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан