Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин комитети Конституциялык палатанын судьялыгына Жамил Шаршеналиевдин талапкерлиги каралды.
Анын талапкерлигин президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин депутаттары Шаршеналиевдин талапкерлигин колдоду.