Биз социалдык тармакта

Ош шаарында 100 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды (фото)

Ош шаарында 100 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Бүгүн, 2-июнда Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда бала бакчанын курулушуна капсула салынганы айтылат.

Капсула салуу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, шаарда бала бакчалардын санын көбөйтүүгө аракеттер жүрүп жатканын белгилеген.

“Жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакча курулуп, даяр турат. Жапалактын Арек айылында да бир бала бакча курулуп жатат. Бүгүн Ак-Тилек кичи районунда бала бакча жоктугун эске алып, жаңы бала бакчанын курулушун баштадык. Жакында башка кичи райондорго да курууну баштайбыз. Балдарды бала бакча менен камсыздоо негизги планга коюлган. Өлкө башчыбыздын жарлыгы менен "2020-жыл региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланган. Балдарга өзгөчө көңүл бурулат”, - деди ал.

Маалым болгондой, Ак-Тилек кичи районуна курула баштаган 100 орундуу балдар бакчасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынат. Анын тендердеги баасы 22 миллион 520 миң сомду түзгөнү кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
maksat_osh
2020-06-02 17:39:06
мер жолдон акча жегендей бул жерденда акча жейткенда
+4
molorbaev
2020-06-02 21:06:57
maksat_osh,кудайдан деле корксон боло. Аныгын коруп билбей туруп, кантип жейт деп айтасын. Муну менен жок жерден куноого батып жатасын да. А балким таза иштеп жаткандыр.
+1
010288
2020-06-02 19:15:13
Кыргыздар бул садике 500баланы жон батырат 100 эмес
+4
Kylychisa
2020-06-02 20:00:33
200 орун кылып койсо болмок 5-6 жылда дагы проблема болот орун жетпей 101
+1
Gulya78
2020-06-03 19:29:39
Kylychisa,100 дегени 4 группа, 1 группада 70тен болгондо 280баланы жөн тыгышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан