Биз социалдык тармакта

Бишкектеги 5-кичи райондо жүргөн жыланды сейилдетүү үчүн алып чыгышканы маалым болду (видео)

Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы 5-кичи райондо жыландын жүргөнү видеого тартылып алынган. Кийин такталгандай, жыланды зоологиялык парктын кызматкерлери сейилдетүүгө алып чыгышкан. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Зоологиялык паркта иштегендер эл арасында чуу жараткан жылан "императордук удав" экенин билдиришкен. Жыландын башка түрлөрүнө салыштырмалуу булар агрессивдүү эмес жана адамдар үчүн эч кандай коркунуч жаратпайт. Шаардагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 5-кичи районундагы "Космопарк" соода борбору жабык турганы маалым. Бирок анын ичинде жайгашкан мини зоологиялык жайда кармалган жаныбарларды күнгө алып чыгууну чечишкен. Зоологиялык парктын кызматкерлерине Октябрь райондук акимиаты тарабынан "коомдук тартипти сактоо" боюнча эскертүү берилди", - деп жазылат маалыматта.




Бишкекте оюн-зоок, соода борборунун жанында чоң жыландын жүргөнү тартылып алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mister-X
2020-06-02 18:41:38
Паркта,эл жүргөн жерде сейилдетеби?Адамдар акылсыз болуп баратабы же мен акылсыз болуп кеттимби?Сейилдетип жүргөн адамдар да акылсыз,маалымат жазган журналист да акылсыз,окуган мен да акылсыз окшойм.Акылдуулар калганбы эл-жур?
+6
algakaray
2020-06-02 20:00:50
Сейилдете турган жерди тааптырсынар. Анчалык камкор экенсинер атайы машинага салып барып шаар четине чыгарып анан кайра киргизип койуш кк эле да ордуна. Бойунда барлар чочуп, бойунан тушсо ким жооп берет эле. Бойунда эмес эркек мен видеодон коруп коркуп жасалма жылаан болсо кк деп озумду сооротуп койдум. Элди дурботуп ушундай кылган кылыктары учун чон штраф салыш кк буларга.
+2
Belek1710
2020-06-02 23:41:36
Жыланды чакпайт деп болобу, кече эле СИдон окудум эле ээсин чагып өлтүргөнүн!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан