Бишкекте дайынсыз болуп изделген бир туугандар аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2-июнда шаар тургуну Ленин РИИБине кайрылып, 2015-жылы туулган кызын жана 2017-жылы туулган баласын табышып коюуну суранган. Балдардын апасынын айтымында, бир туугандар 2-июнь күнү Ак-Ордо конушундагы үйүнүн жанында ойноп жүрүшкөн. Саат 15:00 чамасында балдар дайынсыз болуп кеткенин байкаган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, дароо издөө иштери башталган. Ага ылайык, ошол эле күнү дайынсыз делинген бир туугандар Чүй облусунун Сокулук районунан аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.