Биз социалдык тармакта

"Премьер-министр кайда жүрөт? Азыр эмгек өргүүгө чыга турган убак эмес" дейт депутат

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин азыркы учурда эмгек өргүүсүнө чыкканын сындады.

"Мен бир нерсеге түшүнбөй турам. Өткөндө Тажикстандын чек арасында, кечээ Өзбекстандын чек арасында кагылышуу болду. Андан тышкары өзгөчө кырдаал жабыла элек. Премьер-министр кайда жүрөт? Эмне үчүн эмгек өргүүгө чыгат? Армениянын премьер-министри коронавирус жуктуруп алдым, бирок мен үйдө отуруп алып иштейм деп жатат. Биздин премьер эс алганга кетип жатат. Муну кандай түшүнсө болот? Бул боюнча коалициялык көпчүлүк, Жогорку Кеңеш реакция кылышыбыз керек. Ишин вице-премьер-министрлерге тапшырып коюп, эс ала турган убакыт эмес. Кийин бизден эл өкмөттү силер түптөгөнсүңөр деп сурайт", - деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сунуш эске алына турганын айтты. "Эртең чек ара маселеси каралат" деди төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurbek56
2020-06-03 10:36:28
колун поктун иши келбеген Абылгазиевти иштен айдаш керек
+3
Raatbek700
2020-06-03 11:22:25
Чек арага аралашпай эле койгула коридор ачып бересинер озбектердикин ######
0
-BOSS-
2020-06-03 12:22:08
Премьер министрди Жанар Акаев жыштык менен жыга чапкандай эле жок болду го)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан