Футболчу Ильзат Ахметовго операция ийгиликтүү жасалды

Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн, учурда Орусия курамасынын футболчусу 22 жаштагы Ильзат Ахметовго ийинине жасалган операция ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Орусия курамасынын сайтына жарыяланды.

"Тилекке каршы, дээрлик бир жарым жыл бою ийинимден жаракат алганыма байланыштуу 100 пайыз футбол ойной алган жокмун. Акыркы мезгилдерде бул көйгөй барган сайын мени тынчсыздандырды. Көнүгүү жасаганым буга жардам берген жок. Мындан улам, клубдун жетекчилиги менен кеңешип, операция жасатууну чечтик. Клуб жетекчилерине жана медицина кызматкерлерине бул маселеде колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Мындай учурда клуб сиз менен тилектеш болуп турган өтө маанилүү. Баары ойдогудай болду. Мен жакында мурункудай абалыма кайтып келем. Мен үчүн тынчсыздангандардын бардыгына рахмат", - деген Ахметов.

Буга чейин, Ильзат Ахметов ийинине операция жасатуу үчүн Германияга учуп кеткендиги кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sakura715
2020-06-03 13:08:59
Жакшы болуп кетсин
+1
AdylbekB84
2020-06-03 13:19:25
Аллахым шыпааңды берсин, оюундарга тезиреек кайт!
+2
TalaCSKA
2020-06-03 13:22:32
Тезирек сакайып кет Ильзат.
0
Adiyu
2020-06-03 13:53:22
Э Ким бул?? Каяктагы футболчуну айтасынар? Гулжигит Аоыкуловду кобуроок жазгыла, илзатынарлы жазбайле койгулачы супер инфо
-2
Kairat1996
2020-06-03 14:17:58
Тенирим ден соолук берсин.
-8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан