Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн, учурда Орусия курамасынын жана москвалык ЦСКА футболдук клубунун жарым коргоочусу Ильзат Ахметов ийинине операция жасатуу үчүн Германияга учуп кетти. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун сайтына жарыяланды.
"Ильзат Германияга текшерүүдөн өтүү үчүн кетти. Текшерүү буга чейин өтүшү керек болчу. Бирок пандемияга байланыштуу кийинкиге калтырылган. Олуттуу эч нерсе жок. Бул анын "Зенит" клубу менен болгон беттеште ийининен алган жаракатына байланыштуу", - деген футболчунун агенти Иракли Гегечкори.
Ильзат Ахметов учурда Мюнхен шаарында. Ага бүгүн, 2-июнда сол далысына операция жасалат.