Биз социалдык тармакта

"Улуттук банк деп айткандан уяласың". Депутат Улуттук банктын жаңы имаратын курууну сунуштады

Депутат Зиядин Жамалдинов Улуттук банктын жаңы имаратын курууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Улуттук банктын жаңы бир имаратын курууга болбойбу? Бул багытта иш жүрүп жатабы?", - деп сурады депутат.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: "Киев-Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде бүтпөгөн имарат бар. Учурда акыркы этапка жеттик. Макулдашуулар бүткөндөн кийин имаратты куруп баштайбыз", - деп жооп берди.

Депутат жаңы имарат куруу керектигин айтты. "Улуттук банктын сыртынын ремонту жок. Улуттук банк деп айткандан уяласың", - деди эл өкүлү.

Учурда жыйында "Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_I
2020-06-03 12:50:37
мектептердин абалын көрүп уялган адам жок. Бул депутаттардын акылында маанилүү проблемалар жок экенине бир далил. Элита, имидж деп өтүп кете берет окшойт.
+3
AksyKum
2020-06-03 13:25:30
Rifle_I,ошо уялганы учун контейнерден салып жататго эч Кайсы мамлекетте жок андай мектеп
+3
Alinur96kg
2020-06-03 13:40:42
Беркиси бутуп эми мунусу уялып баштадыбы?
+3
nargiz-sa
2020-06-03 15:46:49
Абдыгулов КРУБнын жеңилдетилген кредитин өзү гана ала берсе анан андайга келгенде каражат жок да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан