"Карантиндин бир пайдасы - көмүскөдө иштеп жаткан ишканаларды тактай алдык", - деп бүгүн, 3-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
“Карантиндик кырдаалга байланыштуу салык токтогондо, каржыда көйгөй жаралды. Ошол эле маалда көмүскөдө иштеп жаткан ишканаларды тактап алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Азыркы учурда салык чогултуу иштери ыкчам абалда жүргүзүлүп жатат. Буга чейин салык төлөбөй иштеп жаткан көз жумду болгон тармактардын тизмелери алынып, тиешелүү кызматтар тарабынан иштер улантылууда. Төлөнүп жаткан салыктар мамлекеттик бюджетти толтуруп жаткандыктан, биз салык төлөөдөн качпашыбыз керек”, - деди Узарбек Жылкыбаев.