Биз социалдык тармакта

Өлкөдө ата-энеси белгисиз 42 бала бар экени айтылды

Өлкөдө ата-энеси белгисиз 42 бала бар экени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Депутат Бактыбек Турусбеков ата-энеси белгисиз балдардын саны 42ден көп болушу мүмкүн экенин айтты.

Кочкоров: "Жетим балдар көп. Ата-энеси белгисиз болгон 42 бала бар. Төрөт үйүнүн алдына, таштандыга таштап кеткен балдар. Укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп, ата-энесин такыр тапкан эмес. Анын ичинен 40 бала балдар үйүндө, экөөсү фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда", - деди.

Жыйында "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан