Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Анда 3-4-июнда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн экендиги айтылат.
Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт деп эскертет мекемеден.