Биз социалдык тармакта

Депутат Бишкектин тегерегинде аткезчилик менен ташылып жаткан күйүүчү майды саткан жайлар көбөйүп жатканын айтты

Депутат Аалы Карашев Бишкек шаарынын жана жаңы конуштардын аймагында сатылып жаткан күйүүчү майга көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу ал 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бул жааттагы аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү керек. Шаар тегерегинде аткезчилик менен ташылып жаткан күйүүчү майды саткан жайлардын саны эки эсе көбөйүп, көрүнгөн жерде канистрлер турат. Силердин орган экономикалык коопсуздук боюнча саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укукка ээ. Эмнеге мындай жагдай жаралды?" - деген суроо салды Аалы Карашев.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары Сагынбек Абдылдаев кызматкерлер күн сайын кыдырып текшерип жатканын, бирок алар аткезчилик менен ташылган каражаттарды соттун чечими менен гана конфискация кыла аларын, андан тышкары айып пулдун өлчөмү да өтө төмөн экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akoga
2020-06-04 09:47:28
Аткезлике чара көргөн эскиден калган тип. Аткезчиликта атандаштыктын бир түрү. Жээ май куйуучу жайлар баасын түшүрүш керек жээ сен айткан аткезчилике шарт түзүп мыйзамдаштырып берсең туура кылган болосуң
+1
Akoga
2020-06-04 09:48:49
Жоготкондон, талкалагандан,камагандан, басакалгандан башканы билбейсиң кыргыз.
+1
Krai
2020-06-04 10:17:56
Заправкаларда баа жогору болуп жатпайбы. Ал үчүн биринчи бааны түшүрсүн май куюучу жайлар экинчиден канчалаган адам канча үй-бүлө тиричилик кылып атышат.жон койгула
0
Nur777
2020-06-04 10:31:31
Бишкектин тегерегин коюп чек арадан ГСМ откоруп аткан кишилеринер менен разбираться этип алгылачы жана Бишкектин заправкаларын чиновник,олигархтар иштетип,бааны тушурбой жатса(дуйно жузундо нефттин баасы тушкон) анан карапайым эл бир амалын таап жатат да!Же конкурент болот деп кайгырып атасызбы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан