Биз социалдык тармакта

Парламентте табияты катаал аймактагы абалды өкмөт өз көзөмөлүнө алышы керектиги айтылды

Депутат Алмазбек Баатырбеков табияты катаал аймактагы абалды өкмөт өз көзөмөлүнө алышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Нарын шаарында 3-июнда кыян катталды. Жабыркаган үйлөрдүн көпчүлүгү камсыздалган эмес. Өкмөт эл аралык донорлордун же башка каржы булактарынын көмөгү менен жабыркагандарга жардам берүүнү колго алышы керек. Азыр да ал жакта абал курч экени айтылууда. Тоодон таштар тоголонуп, кыян кайталанышы мүмкүндүгү болжолдонуп жаткан экен. Андыктан, табияты катаал аймактагы абалды өкмөт өз көзөмөлүнө алышы зарыл", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан