Депутат Евгения Строкова коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кароону тездетүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал тийиштүү комитетинде каралган бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин палатасына коюлушу керектигин белгиледи.
"Бул мыйзам долбоорун эки окууда бир кабыл алуу сунушу менен коомчулук кайрылып жатат. Алар туура айтышат. Дүйнөдө эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Адамдардын укугу бузулуп жаткан жакка эмне үчүн биздин көңүлүбүздү буруп жатышат? Биз коркпой мыйзам долбоорун кабыл алышыбыз керек. Коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү башкалардан ачыктыкты талап кылып келишет. Өздөрү да ачык болушсун", - деди депутат.