Биз социалдык тармакта

Парламентте мааракелик иш-чараларды иретке салууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Депутат Зиядин Жамалдинов мааракелик иш-чараларды өткөрүүнү оптималдаштырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал сунушталып жаткан мыйзам долбоору республикалык бюджеттен берилген финансылык каражаттарды рационалдуу жана максатка ылайыктуу пайдалануу үчүн мааракелик иш-чараларды оптималдаштырууга жана иретке салууга багытталгандыгын белгиледи. “Жалпы улуттук, региондук жана корпоративдик маанидеги иш-чараларды өткөрүү үчүн мааракелик даталарды 50 жыл, 75 жыл, 100 жыл жана андан кийинки ар бир 25 жыл деп белгилөө сунушталууда. Өзгөчө учурларда гана президенттин чечими менен башка даталарда мааракелик иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан