Биз социалдык тармакта

Акыйкатчы институту: "Блогер Элмир Сыдымановдун иши көзөмөлдө"

Блогер Элмир Сыдымановдун иши акыйкатчынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Элмир Сыдыманов кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынары менен эле, акыйкатчы Токон Мамытов бул ишти өз көзөмөлүнө алып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына кызматкерлерди жөнөткөн. Акыйкатчынын өкүлү бир нече жолу убактылуу кармоочу жайга барып, Элмир Сыдыманов менен жолугушуп, ага укуктук консультацияларды берген. Убактылуу кармоочу жайга барып жолугуп келгенден кийин акыйкатчы институтунун кызматкери блогердин жактоочусу менен да сүйлөшүп, Элмир Сыдымановдун апасы акыйкатчыга келип жолугуп, арызын калтырып кеткен.

Кийинчерээк, Элмир Сыдымановдун баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылгандан кийин, ал буга чейин жазган арызды кароосуз калтырууну өтүнгөн. Учурда Сыдымановдун иши Октябрь райондук сотунда каралууда. Акыйкатчы институтунун өкүлү Сыдымановдун процессуалдык укуктары бузулбашы үчүн сот отурумуна мониторинг жүргүзөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Qwer007
2020-06-04 15:53:16
Неге С Жапаровдон кабар албайсын, козомолдобойсун. Кайран Акыйкатчы деген ысым
+9
Mamiev
2020-06-04 16:36:34
Мен бул жигитти актабайм бирок бул жигиттен дагы жаман сөз айткан кызды эмнеге чыгарып жибердинер. Кыргыздарды сасык деп жакында кетем деген кызды эки күн кармап чыгарып жибердинер. А бул жигит дагы актанып жатат мени соккондорго жооп бердим деп. Сени соккондорду эмес сен элди болуп жардын Оштуктар деп согунуп. Андай болсо айтпайсынбы мени соккондор силерди согуп жатам деп, Оштук тоштук деп болбой
+8
Bazana
2020-06-04 19:44:05
Мен Оштон болсомда Сыдыманга боорум ачып турат ,жаш бала курч убагы экен адашып суйлоп алды кирип койсонор деле болмок . Жаш баланын тагдырын талкалбай. Жакшы чечим кабыл алат деген умуттомун.
-3
Aimani
2020-06-05 00:53:11
Bazana,туура. ФБда аркалыктарды мындан жаман сөздөр менен соккон аял бар. Аны эмнеге укмаксан болушат. Андайлар толтура баарын соттобойбу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан