Депутат Дастан Бекешев мааракелик иш-чараларды онлайн форматта өткөрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мааракелик иш-чараларды онлайн форматта өткөрүү жагын караштыруу керек. Ошондой эле өсүп келе жаткан муун үчүн белгилүү ишмерлер тууралуу документалдык тасмаларды, телесюжеттерди көрсөтүү менен чектелүү зарыл", - деди ал.
Депутат Зиядин Жамалдинов республикалык бюджеттен берилген финансылык каражаттарды рационалдуу жана максатка ылайыктуу пайдалануу үчүн мааракелик иш-чараларды оптималдаштырууга жана иретке салууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун колдоду.