Биз социалдык тармакта

Баткенде чек арага байланыштуу кайра чыр чыкты деп тараган маалымат тастыкталган жок

Бүгүн, 5-июнда Баткенде чек арага байланыштуу кайра чыр чыкканы тууралуу маалыматтар тарады. Андагы видеодон "сүйлөшүүлөрдөн кийин дагы чыр чыкты" деген жаран абалды видеого тартып жатканын көрсө болот. Мындан улам биз жергиликтүү тургундарга жана Чек ара кызматына байланыштык.

Чечме айылынын жашоочусу, активист Каныбек Парманов аймакта абал тынч экенин айтты. "Биздин Чечме айылында учурда электр жарыгы жок. Ошого байланыш да болбой жатат. Бирок азыркы тапта айылда абал тынч жана туруктуу. Эгер бир конфликт болсо, биринчи маалымат бизге жетет. Анткени биз алар менен өтө жакынбыз", - деди ал.

Ал эми Чек ара кызматынан да маалыматты тактап, абалды тынч, туруктуу деп билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан