Биз социалдык тармакта

Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан 3 бала аман-эсен табылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дайынсыз болуп жаткан 3 бала табылды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекемеден билдиргендей, балдардын дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат 5-июнь күнү саат 20:10до Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө келип түшкөн. Анда Колот айылында 3 бала дайынсыз болуп жатканы, алар сууга агып кетиши мүмкүн деп күмөндөлүп жаткандыгы айтылган.

"Билдирүүдөн кийин саат 20:50дө издөө иштери башталып, райондун Акман айыл аймагынын Кайырма көлүнүн айланасы, Акман айылындагы каналдарын бойлой издөө иштери жүргүзүлдү. Натыйжада дайынсыз болгон 3 бала Жаӊы-Акман айылында адашып калган жеринен табылып, ата-энелерине тапшырылды.

Балдарды издөө иштерине 23 куткаруучу, мындан тышкары ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийликтен 5 адам, туугандарынан 10 адам катышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан