Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кечээ, 5-июнь күнү Бишкектеги СИЗО-1деги камактагылардын камеранын эшиктерин тепкилеп, абакка жакын жашаган адамдардын тынчын алган окуя боюнча маалымат берди.
"Кечээ, 5-июнда камакта отурган соттолуучулардын биринин туулган күнү болгон. Абактагылардын ортосунда сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, кечинде алар ал адамды куттукташ үчүн камеранын эшиктерин каккылап, катуу үн чыгарышкан. Андан соң СИЗО-1дин кызматкерлери бардыгын өз жайына келтиришкен", - деп жазылат маалыматта.