Биз социалдык тармакта

"Бир жылда 38 билим берүү объектиси курулду" дейт билим берүү министринин орун басары

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Тариел Жоробеков бир жылда канча билим берүү объектиси курулганын сурады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, 2019-жылы 38 билим берүү объектиси курулуп бүттү. "Бала бакча, мектептер салынды. 18 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Дагы 200 объект курулуп бүтүш керек", - деди ал.

Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан