Биз социалдык тармакта

Депутат өлкөдө канча бала бакча жетишсиз экенин сурады

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айнура Аскарова өлкөдө канча бала бакча жетишсиз экенин сурады.

"Бизде бала бакчанын жетишсиздиги өтө чоң көйгөй болуп саналат. Ал эми баланы бала бакчага киргизүү андан да чоң көйгөй. Ата-энелер балдарын жогорку окуу жайга киргизгендей убара болушат. Азыркы учурда өлкөдө канча бала бакча жетишпейт?", - деп сурады депутат.

Билим берүү жана илим министри Надира Жусупбекова: "2023-жылга чейин 80 пайыз балдар бала бакчага барып калат деген план коюп жатабыз. Азыркы учурда 200 миңдей балдарыбыз бала бакчага барып жатышат. Өлкөгө дагы 1 776 бала бакча керек. Жылына 100 бала бакча куруу шарт", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jengoo
2020-06-08 11:06:54
Ошондо 17 жылда куруп бутот экенсинер.
0
Aimani
2020-06-08 11:56:19
Толтура бала бакча жетишсиз. Кезекке турсак 2000бирдемкенчи болдук. Кезегибиз келгенче мектепти бутуп калчудайбыз. Акча даярдап, шапка берип киребиз го. Элдин баары ошентет экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан