Биз социалдык тармакта

Быйыл абитуриенттер жогорку окуу жайларына онлайн түрүндө тапшырышат

Быйыл жогорку окуу жайларына тапшыруу онлайн түрүндө болот. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров билдирди.

"Абитуриенттер атайын ачылган платформага талондорду жөнөтүшөт. Онлайн түрүндө окуу жайга тапшыруунун жол-жобосу иштелип жатат, жакынкы күндөрү сунушталат", - дейт министрликтин өкүлү.

Өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү үчүн 116 борбор дайындалды. Тестирлөө 3 этап менен өткөрүлөт. ЖРТга каттоого жетишпей калгандар үчүн 20-июнь, 23-июнь күндөрү саат 13:00дөн 17:00гө чейин документтерди кабыл алуу болорун кошумчалады министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан