Депутат Акылбек Жапаров балдарга керектүү буюмдарды Кыргыз өлкөсүнөн чыгаруу боюнча өкмөткө тапшырма берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Финансы министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине тапшырма берүү керек. Эң көп компьютерлерди, акылдуу такталарды, лабораторияларды ала турган билим берүү тармагы. Мындан ары билим берүү тармагына көп каражат бөлөбүз деп жатабыз. Балдарга керектүү буюмдардын бардыгы Кыргыз өлкөсүндө чыгарылышы керек. Азыртадан баштап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Бала бакчага барган балдардын оюнчуктарын да Кыргыз өлкөсүнөн чыгаруу шарт", - деди ал.