Биз социалдык тармакта

Ак-Буура дарыясына агып каза болгон 18 жаштагы бүтүрүүчү сүрөткө түшөм деп сууга кулап кеткен

Оштогу Ак-Буура дарыясына агып каза болгон 18 жаштагы бүтүрүүчү сүрөткө түшөм деп жатып, сууга кулап кеткен. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирип, окуянын чоо-жайын SUPER.KG порталына айтып берди.

Айтымында, маркум Мады айылынын тургуну болгон. Быйыл Макаренко атындагы мектепти аяктаган. Кырсык болгон күнү Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылы тарапка барып, Ак-Буура дарыясынын жээгинде сүрөткө түшүүнү көздөп, кокусунан сууга кулап түшкөн.

"Куткаруучулар сууну токтотуп издешкен. Сөөк 100 метр аралыкка чейин агып барып, такалып туруп калган. Туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты", - деди Аширбаев.

7-июнда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланын жансыз денеси табылганы тууралуу ӨКМдан маалымат таратышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2020-06-08 14:13:37
Эркек же кызбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан