"Бишкекте гуманитардык жардамдарды туура эмес даректерге тараткандардын үстүнөн арыз жазылды" деди Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев SUPER.KG порталы байланышканда.
Айтымында, ушул тапта мындай жүйөө менен шаардагы №19 муниципалдык аймактын башчысы кызматынан алынган.
"Биз тараптан, акимиат тараптан 2 жагдайда туура эмес иш жасаган деген шектер жаралды. Анын айрым аракеттеринен улам муктаж болгон үй-бүлөлөр эмес, мурда жардам алган үй-бүлөлөр жардам баштыктарын алып калышкан. Мындан улам укук коргоо органдарына кайрылдык. Ал кызматкер жумушунан алынган, азыр иш козголдубу бизге белгисиз, бирок териштирүү иштери жүрүп жаткан. Ушундай эле шек жараткан дагы 2 кызматкер бар, алар боюнча да арыз УКМКга берилген", - деди Түлөбаев.
Ошондой эле ал мэрия гуманитардык жардамдар калкка адилеттүү жетиши үчүн бардык аракетти көргөнүн, 95 пайызы акыйкат таратылган деп эсептерин кошумчалады.