Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде ОшМУнун мугалимдерине үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча токтом долбоору каралууда.
Бул боюнча баяндаманы билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жасап жатат. "Ош мамлекеттик университетинин ректорунун маалыматы боюнча, шаардын мэриясы тарабынан жер тилке бөлүп берүү боюнча чечим чыгып, тийиштүү документтер даярдалып жатат. Бир аптанын ичинде документ даяр болсо, 80 кызматкерге үй салынат", - деди ал.