Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин комитети желим баштыкчаларды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде желим баштыкчаларды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору полимер материалдардын адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө болгон терс таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Бир жолу колдонулчу полимер материалдардан жасалган баштыктарды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери пластикалык таштандылардын айлана-чөйрөгө кандай зыян алып келерин эске алып, бир жолу колдонулчу кооптуу желим баштыктардын көзөмөлсүз айлануусуна бөгөт коюу зарыл экендигин белгилешти. "Дүйнөлүк тажрыйба тыюу салынган учурда пластикалык таштандылардын көлөмү кыйла азаярын, натыйжада анын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири да төмөндөрүн көрсөттү", - деди баяндама жасаган депутат Марлен Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ika8086
2020-06-09 08:58:12
эн туура айтыптыр,желим баштыктын ордуна кагаздан жасалган баштык,желим ботолгого караганда ише колдонсо жакшы болот,ишени кайра иштетуу деген болчу эле магазиндерде кадимкидей ишеге бир нерсе сатып алчубуз союз убагында ошондой эле болчу кийин эле каяктагы кытайдын буюмдары кирип адамдардын ден-соолугуна кыйла залакасы тийгизди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан