Мамлекеттик компаниялар коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жалпысынан 53 миллион сом берген. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
“Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө мамлекеттик компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн жалпы жардамдын суммасы 53 миллион сомду түздү. Алардын ичинен акчалай жардам 24 миллион сом, азык-түлүк түрүндө жардам 29 миллион сомду камтыды”, - деди фонддун төрагасы.