Жалпы республикалык тест тапшыруунун алдында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн дене табы текшерилет. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагына катышуунун автоматташтырылган маалыматтык системи иштелип чыгууда. Анын максаттары: электрондук түрдө арыз берүү жана Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттарынын талондорун онлайн режиминде чогултуу жана конкурстун жыйынтыктарын онлайн режиминде өткөрүү", - деди Аида Исмаилова.