Биз социалдык тармакта

"Түндүк электр" ишканасы: "90 сом карызы бар делген апанын электр энергиясын биздин мекеме кырккан эмес"

Буга чейин Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы "Кыргызавтомаш" дачасынын 70 жаштагы жашоочусунун 90 сом карызы үчүн электр энергиясын кыркып кетишкени жазылган. Анда улгайган апа окуя тууралуу видеодо айтып берген. Бүгүн, 9-июнда анын кызы SUPER.KG порталына апасы абалды интернетке жарыялаганы үчүн басымдар болуп, ооруканага жатып калганын маалымдаган.

Биз бул боюнча "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна кайрылдык. Мекеменин маалымат катчысы ал абоненттин электр жарыгы "Түндүк электр" ишканасы тарабынан өчүрүлбөгөнүн билдирди.

"Электр жарыгысыз калдым деп кайрылган абонент Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында жайгашкан "Кыргызавтомаш" багбанчылык бирикмесинин мүчөсү.

Белгилей кетсек, "Кыргызавтомаш" багбанчылык бирикмеси 2009-жылы "Түндүк электр" ААК менен электр камсыздоо боюнча келишим түзгөн. Келишимдин негизинде "Түндүк электр" ААКсы трансформатордук подстанцияда орнотулган негизги эсептегич шайманга чейин электр энергиясын берет. Андан кийин ар бир абонентке чейин электр энергиясын бөлүштүрүүнү багбанчылык бирикмеси жүргүзөт. Башкача айтканда, ички бөлүштүрүү, төлөмдөрдү чогултуу "Кыргызавтомаш" бирикмесинин мойнунда. Ошондуктан, карызы үчүн өчүрүү багбанчылык бирикмеси тарабынан болгон. Видеодо айтылган электр куроочу менен бухгалтер биздин компанияга тиешеси жок", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

"Түндүк электр" ААКсы 1-апрелден тарта карыз үчүн өчүрүүнү жана туум эсептөөнү токтотконун кошумчалаган.

90 сом үчүн 70 жаштагы апанын электр энергиясын кыркып кетишкен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gute
2020-06-09 16:51:58
Бл* с*ки жанагы коррупционер, байлардын миллиондогон карыздары бар духунар жетсе ошолорду очурбойсунорбу!
Колунардан бок дагы келбейт !
+5
Bars88
2020-06-09 17:38:37
Моюнунуна алышпайт да.Илгери эле жумуштан айдалган деп койсонор деле болот ишене беребиз
+3
algakaray
2020-06-09 18:26:26
Токсон мин карызы бар байлардыкы очпойт дагы токсон сом карызы бар апабыздыкы очту. Элден бирди корот ушинтип атып бийлик.
+3
nelli
2020-06-10 02:46:30
Элди доопарас ойлойсунарбы! Ким ишенсин бул ангеменерге! 50 сом учун кыркып кетесинер го. Уйундо жок болсо кыркып озунорчо акт тузуп кетесинер. Кучунор карапайым калкка жетет. Жонокой эл кудайдан коркот, мыйзамды сыйлайт кечиктирбейле толошот. 5-6 минге чыгып кеткен чондорго алынар жетпейт! Кырккан силерге пайда. 160 сом кошумча акы аласынар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан