Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарында жана Кашка-Суу айыл аймагында бүгүн, 9-июнда мөндүр аралаш катуу жаан жаады. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен таратып, анын видеосун жүктөгөн.
"Алдын ала маалымат боюнча, саат 18:20 чамасында жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Кербен шаары менен Кашка-Суу айыл аймагындагы айдоо аянттарына зыян келтирилген. Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук комиссиясы тартылды", - деп маалымдайт ӨКМдан.
Ал эми жергиликтүүлөр катуу жааган жаан алардын эгин талааларын жууп, мөмө алып калган бак-дарактардан мөмөсүн күүп кеткенин билдиришкен.