Биз социалдык тармакта

Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты 11-июнда өтөт

"Бопуш" деп элге таанылган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты 11-июнда саат 09:00дө болот. Бул тууралуу ырчы, тамада Нурбек Айдаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты 11-июнда саат 09:00дө Учкун конушунун Айбек-Ата көчөсү №80 дарегинде болот. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилет", - деп жазган ал.

"Бопуш" деп элге таанылган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев кечээ, 9-июнда оорудан улам 59 жашында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shabi
2020-06-10 10:53:15
Кандай соонун талант эле,аткарган рольдорунун бирин да тажабай короор элек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан