Биз социалдык тармакта

Депутат: "Улуттук китепкананын директорунун 9 миң сом айлык алганы уят"

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев Улуттук китепкананын кызматкерлеринин айлыгы аз экенин айтты.

"Өкмөт Улуттук китепканалардын айлыктарын көтөрөбүз деп, бирок андай ишке барган жок. Азыр кандай болуп жатат? Аракеттер болуп жатабы?", - деп сурады депутат.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков бул маселе боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтты. "Айлыкты буюрса көтөрүбүз, аракеттер болуп жатат. Бул үчүн бир жылга 20 миллион сом акча керек болот экен", - деди Кадырбеков.

Депутат: "Улуттук китепкананын директору 9 миң сом айлык алганы, кызматкер 5 миң сом алганы уят да", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meku89
2020-06-10 16:46:15
Университетти деле карасанар боло. Жонокой кызматкерлер (учебно-вспомогательный состав) 5500 айлык алабыз. Айла жоктон эле иштейсин. Которулуп калабы деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан