Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери "опузалап талап кылуу" беренеси менен шектелип кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда чоң жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 2000 сомго чейин акча каражаты алынып турганы аныкталган.
"8-июнда салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинде жүктөргө жооптуу болгон эки кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүүлөр СИЗОго киргизилди. Учурда транспорт министрлигинде бул окуяга тийиштүү дагы башка кызмат адамдары такталууда", - деп жазылат маалыматта.