Чүй районунда Аида Базарбаева дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1990-жылы туулган Аида Базарбаева Чүй районунун Шамшы айылындагы үйүнөн 1-апрель күнү чыккан боюнча кайра кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, арык чырай дене түзүлүштө, бети сүйрү, көзү күрөң түстө, чачы узун кара түстө.
Кийген кийимдери: кара түстөгү кофта, бутуна көлөч кийип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү жаран боюнча маалымат билсе төмөндөгү номерлерге чалып, байланышса болот.
Байланыш телефону: 0312 43-01-27, 031243-88-85, 0312 60-73-87, 0705 43 15 13.