Биз социалдык тармакта

Депутат жаш муунду тарбиялоодо жана билим берүүдө телеканалдардын мааниси чоң экенин айтты

Депутат Тазабек Икрамов жаш муунду тарбиялоодо жана билим берүүдө телеканалдардын мааниси чоң экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңеште билдирди.

Ал КТРКны өнүктүрүү боюнча чоң иштер жасалганын айтып, бирок жетишсиздик бар экендигин белгиледи. “Менчик телеканалдардын көбөйүүсү менен коомдук жана мамлекеттик телеканалдардын маданий-агартуучулук функцияларын кеңейтүү зарылчылыгы көбөйүүдө. Алар менчик телеканалдар берген терс контенттин чоң агымына тең салмактуулукту түзүүгө тийиш”, - деди Тазабек Икрамов.

Мындан тышкары депутат бардык талапкерлерге карата объективдүүлүк жана тең мамиле кылуу принциптерин кармануу керектигин айтты.

Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан