Биз социалдык тармакта

Өкмөт: "Казак тараптын сунушу боюнча Кыргыз-Казак чек арасындагы бардык өткөрмө жайларды ачуу макулдашылды"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу чек ара маселесин талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, сүйлөшүүдө Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланган.

"Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана Кыргыз-Казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү боюнча эки жактуу макулдашууга келишти. Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды эки тараптан колдой тургандыктарын ырасташты", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2020-06-10 20:54:23
Маскалары кана?
0
Krai
2020-06-11 00:09:55
Belek1710, телефон аркылуу суйлошулду деп жатпайбы. Чек аралар ачылса жакшы болот эле казактарга караганда бизге көбүрөөк пайдалуу
0
nazarmat92
2020-06-10 21:19:51
Ачпагыла,ун бербей койду го
0
Aimani
2020-06-10 23:53:50
Ачабыз деп айта беришет казактар. Көрөбүз да эми.
0
Nurmuhammad-19-07
2020-06-12 10:27:25
Ассалому аллейкум жердештер эгер Абылгазыев КЫРГЫЗСТАНГА жан тартып куйсо барып суйлошот эле патриот эмес туугандар бул озунун каналын суйлошту элдикин эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан