Биз социалдык тармакта

Депутат: "Балдар эс алыш үчүн Ысык-Көлдө лагерлер уюштурулушу керек"

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров балдар эс алыш үчүн Ысык-Көлдө лагерлер уюштурулушу керектигин айтты.

"Балдардын келечегин ойлобосок, мамлекеттин келечегин ойлобогондук. Ысык-Көл облусунда туризм сезону башталып жатат. Туристтер келеби, келбейби белгисиз. Балдар лагерлери жок кылынып, баарына пансионат салынган. Лагерлер жокко эсе. Лагерлерди уюштурушубуз керек.

Мындан тышкары Ысык-Көлүбүздү жок кылып алабызбы деп корко турганымды айтып келем. Күйүүчү май менен иштеген сүзүүчү каражаттарга тыюу салуу зарыл", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-06-11 10:49:48
Баары жаңы ойгонгондой сүйлөшүп калыптыр го биздин депутаттар!
0
TalaCSKA
2020-06-11 11:26:29
Шайлоо жакындаганда баардык саясатчылар популист создорду суйлоп кыжырга тийишет иштеп жатканында пайдасы жок болуп кыжырга тийишет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан