Биз социалдык тармакта

Салык кызматынын Караколдогу бөлүм башчысы пара алганы аныкталып, кызмат ордунан бошотулду

Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев 10-июнда кол койгон.

"Бөлүмдүн башчысы пара алгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Аталган кызматкер алдын ала иликтөө жана соттук териштирүү мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген. Буга чейин бөлүм башчы аталган факты боюнча кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча өз убагында иш-аракеттерди көрбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматына ылайык эместиги жөнүндө эскертилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан