Депутат Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдөгү сезонго карата даярдык кечигип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Туризмди өнүктүрүү багытында өкмөт качан алгылыктуу иштерди аткарат? Чолпон-Атага лаборатория ачабыз деп, жумуштар башталганы менен ал жай ишке бериле элек. Туризм мезгили бүткөндө ачасыңарбы? Ишкерлерди колдоо менен туристтерге керектүү шарттарды түзүү зарыл.
Карантинге байланыштуу көпчүлүк өндүрүштүк мекемелер, ишканалар үч айдай иштеген жок. Андыктан, бардык керектүү талаптарды камсыздоо менен алардын иштөөсүнө өбөлгө түзүшүбүз керек”, – деди ал.