Депутат Дастан Бекешев электрондук китептерди чыгаруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мектептерге компьютерлерди алганда аны окуучулар колдонбойт. Директорлор, бухгалтерлер колдонушат. Компьютер алганга караганда планшеттерди алып, электрондук китептерди чыгаралы", - деди депутат.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков электрондук китептерди чыгаруу керектигин колдой турганын айтты. "Ар бир окуучуну планшет менен камсыз кылуу каралып жатат. Азырынча бул боюнча айтуу эрте", - деди министр.
Депутат бул багытта чоң компаниялар менен сүйлөшүү керектигин айтты.