Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүндө "Google" компаниясына салык салынып башташы мүмкүн

Бүгүн, 11-июнда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев онлайн брифинг өткөрдү. Анда Асрандиевге "Өзбекстанда жана башка мамлекеттерде "Google" компаниясына салык киргизилген. Кыргыз өкмөтү бюджетти толтуруу үчүн салыктын ушул түрүн киргизүүнү карап жатабы?" деген суроо узатылды.

"Мындай салыктын түрү бүгүнкү күндө иштелип жатат, сунуштар бар. Азыр Өзбекстан, Орусияда ушундай салык киргизилген экен. Алардын тажрыйбасы изилденип, биз дагы сунуштарды даярдап жатабыз", - деп жооп берди вице-премьер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Eden-Hazard
2020-06-11 19:29:51
Алардын тажыйырбасын карап дейт, Бир мамлекетти туураган өлкө эч качан өнүкпөйт!
+3
Agayu
2020-06-11 20:22:42
Өзбекстан машинанын түрлөрүн чыгарат , чөл жэр болсо аграрный жактан ( мөмө жемиш) Россиянын рыногунан өз ордун таап алды.Ошолорду эмнеге изилдебейсиңер ?? Өтө эле ашыкча болтасыңар го
+5
Krai
2020-06-12 02:38:19
Agayu, койгулачы эми көңүлүн калтырасынар. Араңдан зорго элди көрүп элейип, эки кулагы серейип ал жак бул жакты көрүп болот окшойт деп ойлонуп атышканда каяктагы машина заводду айтып көңүлдөрүн иренжитесинер. Ошого да шүгүр дегиле ошончо нерсени ойлоп тапканына. Баарыңа ( чакурук) таштайм. Андай дебегиле
+2
-adam
2020-06-11 22:02:57
Салык салышты жакшы туурайсынар андан башкасын уйронгуло
+5
erlanspb
2020-06-12 14:55:55
Кыргызстан Россияда такси дворник сушиден оз оордун таап калган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан