Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду

Бүгүн, 11-июнда саат 14:58де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. "Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогунда анын күчү 3 баллга жетти", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Ноокен районунун Көк-Таш, Кара-Булак, Тоскоол, Эски-Маасы айылдарында болду.
"Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок" дейт ӨКМнын маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан